Талантбек Батыралиев: "Өлкөдө кургак учукка каршы күрөшүү үчүн бир дагы заманбап оорукана жок"

"Өлкөдө кургак учукка каршы күрөшүү үчүн бир дагы заманбап оорукана жок",- деп айтты саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиев 3-февралда парламент жыйынында. Азыркы учурдагы ооруканалардын баары 1990-жылга чейин курулгандыктан, биринин да абалы дурус эмес. "Кургак учук менен күрөшүүгө биздеги ооруканалардын бири дагы талапка жооп бербейт. Ошондуктан учурда эки оорукана куруу боюнча инвестор керек. Өкмөт тарабынан министрликке бөлүнгөн каражатка биз оорукана сала албайбыз. Бөлүнгөн акчанын 80 пайызы маянага жумшалат",- деди Батыралиев.

Жыйында “Калкты кургак учуктан сактоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу” мыйзамдын долбоору каралып жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан