Исхак Масалиев кургак учук илдетине чалдыккан адам ал оорудан 100 пайызга айыга албай турганын айтты

Депутат Исхак Масалиев парламентте кургак учук менен күрөшүү маселесине олуттуу мамиле жасап, коомдук угуу иш-чараларын өткөрүүнү сунуш кылды. Депутат бул илдетке кабылгандар дарыланган учурда деле 100 пайызга айыгып кете албай турганын айтты. Ошондой эле Орусияда бир батирде 20-25 адам болуп жашап жаткан мамлекетибиздин жарандарынын бирөөсү эле бул илдетке чалдыкса, ал оору ошол жерде жашагандарга жайылып кетиши мүмкүн экенин белгиледи. "Бул ооруга чалдыккандар качан өпкөсү чирип, кан түкүрүп калганда гана сезишет. Ага чейин билбей жүрө беришет",- деди Масалиев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан