25-40 жаштагы жарандардын арасында кургак учук көп катталары белгилүү болду

Бүгүн, 3-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында “Калкты кургак учуктан сактоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору 1-окууда каралды. Мыйзам долбоорун жыйынга саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев алып чыкты.

Мыйзам долбоорунун концепциясы ар кандай деңгээлдеги ченемдик-укуктук актылардын ортосундагы карама-каршылыктарды жоюуга, аткаруу бийлигинин системинде иштеген мамлекеттик органдардын укуктук статусун, функцияларын жана ыйгарым укуктарын аныктаган жоболорду мыйзам актыларынан алып салууга багытталган.

Талкууда статистикалык маалыматтарга ылайык, жумушка жарамдуу - 25-40 жаштагы жарандардын арасында кургак учук көп катталары белгилүү болду. Ошону менен катар кургак учук ооруканаларына келген-кеткен же кезек күтүп турган жарандарга бул дартты жуктурбоо чаралары көрүлбөгөндүгү белгиленди. Депутат Мирлан Жээнчороевдин пикиринде, киргизилип жаткан түзөтүүлөр менен аракеттеги мыйзам алсызданат. Саламаттыкты сактоо министри Батыралиев мындай пикирге кошулбастыгын, сунушталган түзөтүүлөр ченемдик-укуктук актылардагы карама-каршылыктарды жоюуга, мыйзамдарды шайкеш келтирүүгө багытталганын баса белгиледи.

Мындан сырткары талкуунун жүрүшүндө кургак учук ооруканаларынын оор абалы, мындай дартка чалдыккан жарандарга көрүлүп жаткан камкордуктар, кепилдиктер боюнча суроо-жооптор болду. Талкуудан соң мыйзам долбоору 1-окууда добуш берүүгө жиберилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан