Аида Салянова: “15-19 жаштагы кыздардын турмушка чыгуусу боюнча өлкөбүз 5-орунда”

15-19 жаштагы кыздардын турмушка чыгуусу боюнча эл аралык изилдөөлөрдө Кыргыз Республикасы 5-орунда турат. Муну депутат Аида Салянова 3-февралда “Парламент” радиосунун түз эфиринде билдирди. Депутат атайын мыйзам долбоору демилгеленип, анда ЗАГС органдарында каттоого чейин жубайлардын никесин кыйган дин кызматкерлерин кылмыш жоопкерчилигине тартуу жагы каралып жатканын айтты.

“Улуттук статистика комитети жүргүзгөн медико-демографиялык изилдөөлөрдүн көрсөткүчтөрү боюнча 18 жашка чыга элек кыздардын кеминде 15 пайызы, анын ичинен 1 пайызы 15 жашка чейинки куракта турмушка чыгышканын белгилөө керек. Мындай учурлардын көпчүлүгү жаш кыздардын турмушка эрте чыккан мезгилинде эмес, качан алар балалуу болушканда гана билинип жаткандыгы статистикалык көрсөткүчтөрдөгү айырмачылыктарды жаратат”,- дейт депутат.

Евразия чөлкөмүндөгү 35 мамлекеттин арасында 15-19 жаштагы кыздардын турмушка чыгуусу боюнча жүргүзүлгөн изилдөөлөрдө Кыргыз Республикасы 5-орунда турганы айтылды. "Бул ойлондуруп, намысты чыйралта турган нерсе. Бул кыздардын ден соолугуна же алардын жеке тагдырына эле тиешелүү нерсе эмес. Эрте турмушка чыккан кыздын билими, маданияты - баары биригип мамлекеттин экономикасына да таасирин тийгизет, анткени алардын турмушта жолу болбой калса, балдарына алына турган жөлөк пулдардан тартып мамлекетке артыла турган жүк болот",- деди Салянова.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан