Парламенттеги "Республика - Ата Журт" фракциясынын лидери Өмүрбек Бабанов 3-февралда Катардын Кыргыз Республикасындагы элчиси Мохамед бин Арар аль-Наими менен жолугушту. Депутаттарды парламенттик шайлоонун ийгиликтүү аякташы менен куттуктаган элчи Кыргыз Республикасы менен Катардын кызматташтыгы маанилүү экенин белгилеп: “Катар мамлекети кызматташууну кеңейтүүгө даяр”,- деп билдирди.
Өмүрбек Бабанов кыргыз өлкөсүнүн айыл чарба тармагында кызматташуу мүмкүнчүлүгү көп экенин айтты. “Бизде каражаттын жетишсиздиги - чоң маселе. Эгерде айтылган багытта тыгыз кызматташсак, анда эки тарапка тең пайдалуу натыйжалар күтүлөт”,- деди фракция лидери.
Жолугушууда парламенттик демократияны өнүктүрүү жаатында да пикир алышуу болгонун ЖКнын маалымат кызматы кабарлады.