Спикер 2015-жылдагы иши үчүн Жогорку Кеңештин бир катар кызматкерлерин сыйлады

Спикер Асылбек Жээнбеков 3-февралда Жогорку Кеңештин 2015-жылкы ишинин жыйынтыгы менен ЖКнын Аппараты менен Иш башкармалыгынын кызматкерлерине сыйлык тапшырды.

Бийликтин мыйзам чыгаруу органынын коомдогу ордун, 2015-жылы кабыл алынган олуттуу чечимдерди тизмектеген Жээнбеков Жогорку Кеңештин туура чечим кабыл алышына аппарат кызматкерлери маанилүү салым кошорун айтты.

Парламент жетекчиси ак ниет эмгеги, Кыргыз Республикасында парламентаризмди өнүктүрүүгө жана мыйзамдарды өркүндөтүүгө кошкон олуттуу салымы үчүн бир катар кызматкерлерге Жогорку Кеңештин Ардак грамотасын тапшырды. Айрым кызматкерлер мыйзамдарды өркүндөтүүгө кошкон олуттуу салымы, кызматтык ыйгарым укуктарын кынтыксыз аткаргандыгы жана көп жылдык эмгеги үчүн Жогорку Кеңештин эстелик сааты менен сыйланышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан