Журналист Дайырбек Орунбеков президенттик аппараттын башчысы Фарид Ниязовду сотко берген. Орунбеков "такталбаган маалымат таратты" деген доомат коюп, символикалуу түрдө 1 сом моралдык чыгым өндүрүүнү көздөөдө. Окуя тууралуу Фарид Ниязовдун адвокаты Чолпон Темирбаева ой бөлүштү.
- Дайыр Орунбеков КРнын Президентинин Аппаратынын башчысы Фарид Ниязовду сотко бергени маалым. Мына ушул сот процесси тууралуу Дайыр Орунбеков өзүнө караштуу маалымат булагы аркылуу пикирин айтып чыгыптыр. Анда ал "Фарид Ниязовдун жактоочусу Алманбет Анапияевди криминал деп айтып, арбакка акарат келтирди" деп айтат. Бул боюнча эмне айта аласыз?
- Мындай реакция Орунбеков жана анын адвокаты өз аброюн коргоп калуунун айласын издеп жатканын билдирет. Эркектер алда канча чынчыл жана абийирдүү болушу керек эле. Доо арыздын негизинде соттук териштирүү башталган соң бардык тийиштүү маалыматтар айкын болот. Ошондуктан соттук териштирүүнүн жүрүшүндө эмоционалдуу билдирүүлөргө негиз жок. Алманбет Анапияевдин криминалдык чөйрөгө тиешеси бар экендиги тууралуу жалпы коомчулук билет жана көптөгөн маалымат булактары жазып келишкен. Ал эми «Маалымат.kg» сайты Анапияевге карата жылуу пикирин жашырбай, аны колдоого багытталган маалыматтарды жарыялап келген. Биз мына ошол маалымат булактарынан алган маалыматтар боюнча топтолгон оюбузду, Дайыр Орунбеков Анапияевди коргоп, колдоп келген деген ойду айтып жатабыз.
- Негизи эле сот процессинде Дайыр Орунбековдун койгон жүйөлөрү аныкталып жатабы?
- Анын коюп жаткан дооматтары канчалык анык экенин сот айтар. Бирок мен бир нерсени алдын ала айтып койгум келет, сотко доо арыз берерде ага айыптоолорун далилдей турган дагы көп нерселерди тиркеш керек эле. Доо арыз ээсинин кадыр-баркына кайсы жерде, качан шек келтирилди дегендей. Азырынча андай далилдей турган документтер жок.
Биздин өлкөдө ар бир жаран сотко кайрылууга, өз кадыр-баркын коргоого укуктуу. Журналист Д.Орунбеков менен президенттик аппараттын жетекчиси Ф.Ниязовдун ортосундагы соттук процессте Алманбет Анапияевдин ким экендиги, айрымдар айтып келе жаткандай эр-азаматпы же кримчөйрөнүн аталыктарынын бириби деген мааниде талаш жүрдү. Маркум Анапияевдин криминалдык дүйнөдө “Алайлык Алманбет” (“Алманбет Алайский”) аты менен белгилүү болгондугун жалпы коомчулук билет. Анын басып өткөн жолуна, адамдык тагдырына суктанган журналисттер сыяктуу эле анын криминалдык таржымалын, өмүрүнүн акырын эмнеликтен кыргыз өлкөсүнөн тыш жерде өткөргөндүгүн кеңири жазып келген гезиттер да болгон. Анын кылмыш дүйнөсүнө кириптер болгондугу тууралуу маалымат коомчулук үчүн жетиштүү.
Ал эми чет элдик интернет булактары А.Анапияевдин ысымын АКШ 2012-жылы “Братский круг” деген аталыштагы евразиялык уюшкан кылмыштуу топко тийиштүү деп тапканын да жазып чыгышкан. Бул Анапияевдин кылмыш дүйнөсүнө катыштыгы бардыгына тикелей далил боло алат.
Кыргыз жериндеги жарандык коомдун өкүлдөрү дайыма адам укугун коргоп, чындык жана адилеттүүлүк үчүн күрөшүп келгендиги менен кадыр-барктуу. А.Турдукулов менен Д.Орунбековдун маркум А.Анапияевдин жалпы журт билген криминалдык бай таржымалын жокко чыгаргысы келип жаткандыгы таң калтырбай койбойт. Саясат саясат менен, бирок “чындыктын жарчысыбыз” деген жигиттер бул жерде да адилеттүүлүктөн тайбаса.