Ысык-Көл районунун Тамчы айылына оорукана куруу зарыл. Муну парламенттин 4-февралдагы жыйынында депутат Узарбек Жылкыбаев билдирип, Тамчы айылы курорттук аймактын эл эң көп эс алган жерине айланганын айтты.
"Оорулуу адамдар болот, автоунаа көбөйгөнүнө байланыштуу жол кырсыктары көп каттала баштады. "Тамчы" Эл аралык аэропорту да жайгашкан. Балыкчы менен Чолпон-Ата шаарлары алыс. Кырсыкка учураган адамдарды ооруканага алып баруу көйгөйгө айланууда. Өкмөт бул маселени тезинен колго алышы керек",- деди депутат.