Бүгүн, 4-февралда Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариевдин төрагалыгы алдында "Сулайман-Тоо" улуттук тарыхый-археологиялык музей-комплексин өнүктүрүү боюнча жумушчу жыйын өттү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.
Өкмөт башчы Сулайман-Тоо өлкөбүз үчүн абдан тарыхый баалуу жана маанилүү объект экенин белгилеп, аны комплекстүү өнүктүрүү боюнча тез арада чечимдер кабыл алынышы зарылдыгын билдирди. "Сулайман-Тоо - биздин мактанып, коргоого ала турган өтө баалуу тарыхый объекттердин бири. Чындыкты айтсак, аны баалап, сактап, келечекке өткөрүү боюнча толук иш болгон жок. Өз убагында айрым жетекчилер аз акчага азгырылып, комплекстин аймагында ар кандай мыйзамсыз жайларды курууга уруксат берип жиберишкен. Мында жергиликтүү бийликтин тиешеси бар. Бул кемчиликти оңдоп, иретке салчу мезгил келди. ЮНЕСКОнун Маданий мурастар тизмесине кирген жайды туруктуу өнүктүрүү жана сактоо боюнча ишти активдештирүү керек",- деди Т.Сариев.
Өкмөт башчы комплекстин аймагында мыйзамсыз курулуштарды курууга уруксат берген жетекчилердин жоопкерчилиги каралышы керектигин айтып, Сулайман-Тоону иретке келтирүү жана өнүктүрүү үчүн аны каржылоо маселесин чечүүнү тапшырды. Жыйындын жүрүшүндө бул комплекске байланыштуу маселелер боюнча түзүлгөн жумушчу топтун маалыматы угулду. Аталган комиссия комплекстин чегин жана анын аймагында курулган объекттердин мыйзамдуулугун аныктоо боюнча иштерди жүргүзгөн. Натыйжада учурда комплекстин аймагында мыйзамсыз курулуштар курулганы аныкталган. Ошондой эле Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев "Сулайман-Тоо" улуттук тарыхый-археологиялык
музей-комплексинин учурдагы абалы жана көйгөйлөр боюнча маалымат берди. Премьер-министр аталган комплексти өнүктүрүүгө мындан ары өтө чоң маани берилерин кошумчалап, аны үзгүлтүксүз каржылоо жана баалуулугун арттыруу боюнча активдүү иштер жүрөрүн белгиледи.
Анын алкагында вице-премьер-министр Гүлмира Кудайбердиевага 20 күндүк мөөнөт ичинде "Сулайман-Тоо" улуттук тарыхый-археологиялык комплексин өнүктүрүү боюнча токтом даярдоону тапшырды. Аталган токтомдо комплекске тиешелүү бардык маселелерди чечүүнүн жолдору камтылышы керек. Ошондой эле Каржы министрлигине комплексти үзгүлтүксүз каржылоо боюнча сунуш киргизүү, ал эми Ош шаардык мэриясына Сулайман-Тоону иретке келтирүү жана жашылдандыруу боюнча иштерди күчөтүү тапшырылды.