Бүгүн, 5-февралда өкмөт башчы Темир Сариев бир күндүк иш сапары менен Ош облусуна барды.
Өкмөттүк аппараттан билдиришкендей, иш сапардын алкагында Темир Сариев Кара-Суу, Араван райондорундагы жазгы талаа иштерине даярдыктын жүрүшү, Оштогу аэропорттун оңдоо иштеринин жүрүшү менен таанышмакчы.
Күндүн экинчи жарымында жазгы айдап-себүү иштерине даярдык тууралуу тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилери менен көчмө селектордук жыйын өткөрөт.