Мамлекеттик сатып алуу департаменти тышкы байланыштарды күчөтүү иштерин жүргүзүп жатат. Муну бүгүн, 5-февралда маалымат жыйынында департамент башчысы Улан Даникеев билдирди. "Бүткүл дүйнөлүк соода уюму менен келишим түзүү аракеттери жүрүп жатат. Келишим кыргыз өлкөсүнө 30 өлкөнүн рыногуна ачык кирүүгө мүмкүндүк берет. Буга биринчи кезекте кыргыз тарап кызыкдар",- деп билдирди Даникеев.
Мамлекеттик сатып алуулар боюнча 2015-жылы 10 220 тендер өткөрүлгөнү, алгач сатылып алынчу товардын, тейлөө кызматынын сапаты, андан соң баасы каралары айтылды.