Кечээ, 5-февралда Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев Ош облусундагы иш сапарынын алкагында Араван районундагы Ак-Буура-Араван каналын реконструкциялоо жана Кыргыз-Арык каналын реабилитациялоонун жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн басма сөз кызматы билдирди.
Аталган каналдар Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясынын алкагында сугат жерлерди өздөштүрүү максатында оңдолууда. Премьер-министр өлкөдөгү ирригациялык системди оңдоо жана сугат жерлеринин аянтын кеңейтүү өкмөттүн негизги милдеттеринин бири экенин белгилеп, бул жаатта бир катар иштер жүргүзүлүп жатканын билдирди. Темир Сариев ирригациялык каналды оңдоону сапаттуу жүргүзүүнү талап кылды. Ошондой эле Кыргыз-Арык каналын реабилитациялоого 21 808 220 сом жумшалып, тиешелүү иштин 97 пайызы бүткөрүлгөнү айтылды. Бул канал 1794 гектар аянт жерди суу менен камсыз кылат.
Ак-Буура-Араван каналын оңдоонун жалпы баасы 80 миллион сом деп аныкталып, бул каражаттын 30 миллион сому 2015-жылы бөлүнгөн. Быйыл 50 миллион сом бөлүнөт, аталган канал аркылуу 16 400 гектар жер сугарылат.