Асылбек Жээнбеков ЕККУнун Бишкектеги борборунун башчысы Сергей Капиносту кабыл алды

“Парламенттик шайлоого Европа коопсуздук кызматташтык уюму тарабынан оң баа берилишин канааттануу менен белгилей кетким келет. Биздин элибиз “бир адам - бир добуш” принцибин колдонуу менен таза, ачык шайлоо өткөрүү мүмкүн экенине ынанды. Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасы бир нече жыл мурдагы кыргыз өлкөсүнөн кескин айырмаланат. Заманбап технологиялар пайдаланылган шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүү иштери эл аралык байкоочулардан келип түшкөн бардык конструктивдүү сунуштарды эске алуу менен мындан ары да улантыла бермекчи”,- деп билдирди Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков 5-февралда ЕККУнун Бишкектеги борборунун башчысы Сергей Капинос менен жолугушууда.

Жогорку Кеңештин төрагасы парламентти 2020-жылга чейин өнүктүрүү стратегиясынын долбоору жөнүндө да маалымат берди.

Капинос: “Биз Кыргыз Республикасынын парламентин өнүктүрүүгө өзгөчө маани беребиз. ЕККУ борбору алдыда күтүлүп жаткан кыргыз өлкөсүнүн мамлекеттик бийлик органдарын реформалоону ишке ашырууга эксперттик көмөк көрсөтөт. Мамлекетти мындан ары да өнүктүрүүгө жана натыйжаларга жетүү үчүн туташ реформаларды жүргүзүү зарыл”,- дейт ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан