Айыл чарба министрлиги: ЕАЭБдин рыногуна 400 миң тоннадан ашык айыл чарба продукциясы чыгууда

Евразиялык экономикалык биримдиктин рыногуна кыргыз жеринен 400 миң тоннадан ашык айыл чарба продукциясы чыгууда. Муну айыл чарба жана мелиорация министринин орун басары Эркинбек Чодуев Украинанын Кыргыз Республикасындагы элчиси Микола Дорошенко менен жолугушууда билдирди.

Чодуев өлкө ЕАЭБдин курамына киргенден кийин алдыга жылыш бар экенин айтып: "Кант кызылчасынын айдоо аянты быйыл 5 миң гектарды түзүүдө. Мындан ары айдоо аянттарын 2 эсеге көбөйтүү пландалып жатат",- деди.

Дорошенко Бажы биримдигине киргенден берки товар айлантуунун деңгээли канчалык көтөрүлгөнүн билүүгө кызыкдар экенин белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан