Бишкекте бүгүн, 8-февралда "Кыргыз Республикасында соттук реформанын алкагында соттордун жана прокурорлордун профессионалдык ишмердүүлүгүн өнүктүрүү" деген темада тегерек стол өтөт. Демилгени парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти комитети көтөрүүдө. Иш-чарага депутаттар, өкмөттүн жана жарандык коомдун өкүлдөрү, эксперттер жана башкалар катышарын ЖКдан кабарлашты. Анда судьялар менен прокурорлордун ишмердүүлүгү, кемчиликтери, аларды жоюу жолдору талкууланып, сунуштар айтылат.