40 миң долларга чейинки суммадагы үйдү насыяга алгандар эми карызын сом менен төлөшөт. Муну депутат Талант Мамытовго шилтеме берүү менен ЖКнын маалымат кызматы жарыялады.
"Дүйнөлүк масштабда болуп жаткан каатчылыктын таасири Кыргыз Республикасына да тийип жаткандыктан, доллардын курсу бир топ жогорулады. Мунун айынан доллар түрүндө насыя алган жарандарыбыздын айласы кетти. Ошондуктан парламентте депутаттар маселе көтөрүп, ипотекалык шартта насыя алгандардын абалын жеңилдетүүнүн жолдору изделип, өкмөткө бул багытта атайын программа иштеп чыгуу тапшырмасы берилген",- дейт депутат.
Өкмөт атайын токтом кабыл алганы, 2015-жылдын 1-июлуна чейин 40 миң долларга чейинки суммада турак жайды кредитке сатып алгандар насыясын сом менен төлөй турганы маалымдалды.