Түркия президенти Режеп Тайип Эрдоган АКШ бийлигинен Анкараны же сириялык күрддөрдү: экөөнүн бирин тандоону талап кылды. Чет элдик маалымат булактары жазышкандай, "Биз силерге кантип ишенебиз? Мен силердин өнөктөшмүнбү же Кобанинин террорчуларыбы?" деп айтылат Эрдогандын билдирүүсүндө.
Президент мындай билдирүүнү АКШ президентинин өкүлүнүн күрддөрдүн PYD согуштук кыймылы көзөмөлдөгөн Кобани шаарына болгон сапарынан кийин жасады. Түркия лидери PYD кыймылын "террордук уюм" деди. "Күрдстандын жумушчу партиясы менен PYD экөө окшош эле. Бул тууралуу биз эл аралык уюмдарда айтабыз. Бул маселени көтөрбөсөк, биз жоготууга учурайбыз",- деди президент.
Күрддөр - сириялык чатакта "Ислам мамлекети" тобу менен салгылашып жаткандардын бири. Сирия жана Ирактын түндүгүндө көз карандысыз мамлекет курууга кызыкдар. Күрдстандын жумушчу партиясы Түркиянын аймагында өз элинин улуттук автономиясы үчүн күрөшүүдө.