Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев бүгүн, 8-февралда Кытайдын төрагасы Си Цзиньпинди Ай календары боюнча Жаңы жыл - Жаз майрамы менен куттуктады.
"Ай календары боюнча Жаңы жыл - Жаз майрамына байланыштуу сизди чын дилден куттуктоого уруксат этиңиз. Өлкөлөрүбүздүн ортосундагы достук жана коңшулук мамилелер алдыда интенсивдүү саясий диалогго, эки тарапка тең пайдалуу соода-экономикалык кызматташтыкка жана стратегиялык долбоорлорду ишке ашырууга мүмкүндүк түзөт деп ишенем. Учурдан пайдаланып сиздин кыргыз-кытай мамилесин бекемдөөгө жана Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө көмөктөшүүгө жекече көңүл бурууңузду белгилегим келет. Сизге бекем ден соолук, бакыт, бакубатчылык жана мамлекеттик ишмердүүлүгүңүзгө албан ийгиликтерди, ал эми кытай элине тынчтык жана гүлдөп-өнүгүү каалайм",- деп айтылат президенттин куттуктоосунда.