Бүгүн, 8-февралда Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында «Өсүмдүк өстүрүүчүлүктө камсыздандыруунун өзгөчөлүктөрү жөнүндө» мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү боюнча мыйзам 3-окууда каралды.
Айыл чарба жана мелиорация министри Турдуназир Бекбоевдин айтымында, бул мыйзам өсүмдүк өстүрүүчүлүктө камсыздандыруу чөйрөсүндөгү ченемдик-укуктук базаны өркүндөтүү жана мыйзамдардагы карама-каршылыктарды жоюу максатында иштелип чыккан.
Талкууда Дастан Жумабеков каралып жаткан мыйзамды сынга алып, "2016-жыл камсыздандыруунун жылы болуп кетти. Кийин тоокту же малды камсыздандырып баштайбызбы?" деген оюн айткан. Министр ага "өсүмдүктөрдү камсыздандыруу милдеттүү эмес, ыктыярдуу кылуу сунушталып жатат" деп жооп берген.
Жыйынтыгында комитеттин мүчөлөрү аталган мыйзамды 3-окууда жактырып, Дастан Жумабеков каршы добушун берди.