SUPER.KG порталы бүгүн, 8-февралда үйүнөн катуу сабалып Бишкекке качып келген Назбийкенин бир тууганы Сайкал менен байланышты. Жабырлануучунун эжеси күнөөнү ата-энесине коюп, алардын сот жообуна тартылышын талап кылууда.
"Ачыгын айтканда, апабыз "нервная" болуп калган. Кичине бир нерсе жакпай калса эле уруш чыгарып, тополоң башталат. Кичинемде мени деле сабап жүрчү, чыдадым. Сиңдиме деле чыда деп кеңеш берип келгем. Назбийке акылдуу, тартиптүү, мектепте жакшы окуган кыз. Катуу сабалганына чыдабай качып кетти окшойт. Сиңдим менен сүйлөшөйүн деп жатам. Эгер макул десе, сот аркылуу өзүмө өткөрүп алып карайм. Бирөөнүн колунда жүргүчө эжесинин үйүндө жүрсүн. Өзүм үй-бүлөлүүмүн, күйөөм да буга макул болду. Баарын өгөй атасы менен анын турмуштан чыккан улуу кызы кылып жатат. Шылтоо таап, Назбийкени апасына жаман көрсөтүшүүдө",- дейт Сайкал.
Кызын сабаган ата-эне үйүнө келгенин айтат жабырлануучу кыздын эжеси.
"Кечээ келишиптир, "Назбийке менен сүйлөшүп жатасыңбы?" деп жалдырашат. "Сабадыңарбы, эми жооп бергиле. Силердей ата-эненин барынан жогу жакшы, түрмөгө камалышыңар керек" дедим. Бойго жеткен кызды да ушунча кордойбу?! Кыз деген ата-эненин үйүндө конок, эртең эле турмушка чыгып кетет. Назбийкенин келечегин, тагдырын эмне үчүн ойлонушпайт? Мындай ата-энелерге боор ооруганга болбой турганын түшүндүм",- деди кыздын бир тууганы.
Сайкал учурда Ош облусунун Кара-Суу районунда турары белгилүү болду. Сиңдиси макулдук берип, соттун чечими чыкса, бир тууганын жакын арада өзүнө аларын кошумчалады.