Катуу сабалган 17 жаштагы Назбийкенин ата-энеси бүгүн, 4-февралда маалымат жыйынын өткөрүштү. Анда өзүн "Назбийкенин өгөй атасы эмес, өз атасымын" деп тааныштырган адам "Назбийке интернетте жалган маалымат таратып жатат" деп айтып, башка сөз сүйлөгөн жок. Жыйында маалыматтын баарын жабырлануучу кыздын апасы 44 жаштагы Айнура Жаркынбаева берди.
Иш-чаранын жүрүшүндө алар журналисттердин "Кызыңыздын денесинде көк алалар кантип пайда болду? Камчы менен сабадыңызбы?" деген суроосуна жооп бербей коюшту.
"Назбийкенин бул төртүнчү жолу качышы. Бул кызым 11-класска көчкөндөн бери өзгөрө баштаган. Бейтааныш балдар менен сүйлөшүп, телефонун бизден жашырып калган. Үйдө аны иштетпейт элек. Мектепти жакшы бүтүрүп алсын деп үмүттөнгөнбүз. Үйдө көп деле жумуш жок, болгону 3 малыбыз бар, иштин баарын 1994-жылы туулган кызым жасачу",- деди Назбийкенин апасы.
"Бир күнү үйгө келсем, айнектер сынык, эшиктин кулпусу бузулуп калган экен. Көрсө, Назбийке кийимдерин топтоп алып кетип калыптыр. 2-3 күн издедим. Акыры милициянын жардамы менен таптык. "Кийимдериңди каякка алып кеттиң?" деп сурасак, Назбийке такси унааларын токтотуучу жайга алып барып койгонун айтты. Кийинки күнү ошол жерге баарыбыз чогуу барганыбызда, кызым таксиге отуруп Бишкекке качып кетип калган",- деди А.Жаркынбаева.
Айта кетсек, 29-январда эртең менен 17 жаштагы Назбийке аттуу кыз Жалал-Абад облусунун Көк-Жаңгак шаарынан Бишкекке качып келгени белгилүү болгон. Ал кичинекей кезинен бери ата-энеси тарабынан кордук көрүп келе жатканын айтып берген.
“Өгөй атам менен апамдын төрт баласы бар: эки эжем, мен жана иним. Улуу эжем экөөбүз апабыздын кыздарыбыз, ортончу эжем өгөй атамдын кызы, инимди болсо багып алганбыз. Ортончу эжем бизди башынан эле жек көрүп, ар кандай шылтоо менен ур-токмокко алчу. Өгөй атам менен апам ага болушуп, бизди андан бетер урушчу. Улуу эжем турмушка чыгып, учурда күйөөсү менен жашайт. Мен жалгыз калып, ата-энем жана ортончу эжем тарабынан зомбулук көрүп келем”,- деген Назбийке.
“Бир ай мурун үйдө ур-токмок жеп, чыдабай кетип Бишкекке биринчи жолу качкам. Апам аркамдан келип, милициялардын көзүнчө мени кучактап “кызым” деп кабыл алган. Бирок эч ким жокто сабап, чачымдан сүйрөгөн. Үйгө барганыбызда өгөй атам “болду, сени урганды токтотобуз” деген, бирок жалган айтканы көрүнгөн. Бир аз убакыт өткөн соң зомбулук көрсөтүү кайра башталган. Бир жолу шылтоо таап, мага катуу ачууланып, өгөй атам менен апам дөңгөлөктүн резинасынын камчыга окшош бөлүгү менен сабашкан. Денем ооруп, чоң-чоң көк алалар пайда болгон. 28-январда ата-энем менен базарга чыкканыбызда учурдан пайдаланып, таксиге отуруп Бишкекке качып кеттим”,- деп билдирген Назбийке.