Укук коргоочу Назгүл Турдубекова вице-премьер-министрдин кеңешчиси болуп дайындалды

Өкмөт башчы Темир Сариев укук коргоочу Назгүл Турдубекованы вице-премьер-министр Гүлмира Кудайбердиеванын балдар укугу боюнча кеңешчиси кылып дайындады. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Жобого ылайык, балдар укугу боюнча кеңешчи мамлекеттик бийлик органдарынын, өз алдынча башкаруу органдарынын балдар укугун камсыздоого байланыштуу ишмердүүлүгүн мониторингдөөнү ишке ашырууга, баланын укугун жана кызыкчылыгын сактоо боюнча тийиштүү жана мүмкүн болгон чаралар тууралуу сунуштарды өкмөттүн кароосуна жиберүүгө укугу бар.

Ошондой эле балдар укугу боюнча кеңешчи балдар укугу жаатындагы мамлекеттик саясатты жакшыртууга багытталган ченемдик-укуктук актылар долбоорун иштеп чыгууга, ошондой эле балдар укугу маселесиндеги учурдагы жана келечектүү көйгөйлөрдү чечүүгө катышат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан