Бүгүн, 8-февралда Темир Сариев Каржы министрлигинин 2015-жылдагы ишинин жыйынтыгын чыгарган коллегиялык жыйынында мамлекеттик каражатты оптималдаштыруу боюнча иштерди күчөтүү керектигин айтты.
Темир Сариев башка мамлекеттик органдарда каражатты үнөмдүү пайдаланууну жана керексиз чыгашаларды азайтууну талап кылды. “Учурда биз каражатты өтө эффективдүү пайдалануу менен негизсиз каражатты кескин түрдө кыскартышыбыз керек. Ар бир мамлекеттик орган өзүнүн чыгашаларын карап чыгып, тиешелүү чечимдерди кабыл алышы керек”,- деди Сариев.
Ошондой эле премьер-министр мамлекеттик бийликке ишеним каржы булактарын эффективдүү колдонуудан көз каранды экенин белгиледи. “Мамлекеттик бийликке канчалык ишеним жогору болсо, мамлекет кубаттуу болот. Учурда кайсы бир кызматка өз кызыкчылыгын көздөө үчүн эмес, эмгегим менен элге алынам деп келиши керек. Бул биздин негизги талабыбыз”,- деди өкмөт башчы.