Жүргүзүлгөн соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгына ылайык, 17 жаштагы Назбийкенин окуясы боюнча "кыйноо" беренеси менен кылмыш иши козголду. Бул тууралуу бүгүн, 8-февралда SUPER.KG порталына Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
"Атайын дайындалган экспертизанын жыйынтыгы менен 17 жаштагы Назбийке жеңил жаракат алгандыгы аныкталды. Факт боюнча "кыйноо" беренеси менен кылмыш иши козголду. Учурда иликтөө иштери жүрүүдө", - деп билдиришти аталган Ички иштер башкармалыгынан.
Бул боюнча Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын өкүлү Эрнис Осмонбаев төмөнкүлөрдү билдирди: "Азыркы тапта жабыркаган кыз башканы, ал эми анын ата-энеси башка нерсени айтып жатышат. Сабалган кыз реабилитациялык борбордо дарыланууда, буга байланыштуу тергөө амалдары толук кандуу жүрбөй жатат. Кыз качан аталган борбордон чыкканда, окуя кандай болгону аныкталмакчы. Ал эми азырынча кылмыш иши факт боюнча гана козголду".
Айта кетсек, 29-январда эртең менен 17 жаштагы Назбийке аттуу кыз Жалал-Абад облусунун Көк-Жаңгак шаарынан Бишкекке качып келгени белгилүү болгон. Ал кичинекей кезинен бери ата-энеси тарабынан кордук көрүп келе жатканын айтып берген.