Парламенттин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүгүү комитетинин 8-февралдагы жыйынында “Салык кодексине толуктоо киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору 1-окууда каралды.
Экономика министринин орун басары Нурлан Сыдыковдун айтымында, долбоор Кыргыз Республикасынын туруктуу өнүгүүсү үчүн социалдык-экономикалык мааниге ээ болгон стратегиялык объектилерге жеңилдиктерди берүүгө багытталууда. Долбоор аркылуу электр энергиясын иштеп чыгуу же берүү үчүн пайдаланылган стратегиялык объекттерди ээлеген жерлерди, анын ичинде алардын суу сактагычтарын суу каптоо зонасынын жерлерин салык салуудан бошотуу сунушталып жатат.
Талкууда жогорудагыдай жерлер 35 миң гектарды түзөрү, 2009-жылдан бери “Электр станциялары” ишканасынын 6 миллиард сомдон ашуун карызы пайда болгону белгилүү болду. Ишкана башчысынын орун басары Аскаралы Кайбалиев ГЭСтер эч кандай жеке коммерциялык иштер менен алектенбестигин, мамлекетти электр кубаты менен камсыздоо милдетин гана аткарарын айтат.
Комитет мүчөлөрү мыйзам долбоорун Экономикалык жана фискалдык саясат комитетинин кароосуна жиберүү чечимин кабыл алышты.