Бишкектин 4 районунан 2015-жылы 268 миллион сом салык жыйналбай калган

Бишкектин 4 районунан 2015-жылы 268 миллион сом салык жыйналбай калган. Маалымат 8-февралда Мамлекеттик салык кызматынын коллегиялык жыйынында айтылды.

Жыйында премьер-министр Темир Сариев жергиликтүү тургундарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, салык топтоо ишин күчөтүүнү, борбор шаардын планын аткарбаган жетекчилерге катуу чара көрүүнү тапшырды.

"Ак ниеттүү салык төлөөчүлөрдү колдоого алып, мыйзамдын талабын аткарбагандарга жазаны күчөтүү керек. Эгерде салык чогултулбаса, кантип өлкө алдындагы учурдагы чакырыктарга жооп беребиз? Чакырык - экстремизге каршы күрөшүү, коопсуздукту күчөтүү, алыскы аймактарда керектүү жолдорду, социалдык объекттерди куруу менен жарандарыбыздын жашоо шартын жеңилдетүү. Мамлекеттин кубаттуулугун күчөтүү биздин ишибизден көз каранды",- деди Сариев.

Премьер салык органдарындагы коррупция башкы көйгөйлөрдүн бири бойдон калып жатканын билдирди.

2015-жылы салык кызматкерлерине 16 кылмыш иши козголсо, 12 кызматкер коррупциялык укук бузууларга шектүү деп табылып, 8 кызматкер иштен бошотулганы айтылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан