Нарын облусунда этти кайра иштетүүчү 3 ишкана курулат. Муну 8-февралда облус башчысы Аманбай Кайыпов жергиликтүү ишкерлер менен жолугушууда билдирди. "Бүгүнкү күндө бизнестин өкүлдөрүн бириктирип, аларга колдоо көрсөтүү зарыл. Нарындын бренди болгон этти кайра иштетүүнү жакшыртуу керек. Эки жыл аралыгында эт комбинаттарын курууга аракет жасалат. Бул үчүн ишкерлер жана банк өкүлдөрү менен жолугушуулар өттү",- деди облус башчы.
Германия эл аралык кызматташтык уюмунун өкүлү Азамат Мукашев Нарын облусундагы малдын санын, эттин көлөмүн эске алуу менен анализ иштелип чыкканын, анын негизинде күнүнө 25 ири мүйүздүү, 50 жандыктын этин кайра иштетүүчү ишкана куруу долбоору даярдалганын айтты.
Маалыматты обладминистрациянын басма сөз кызматы кабарлады.