"Жер-жерлердеги нааразычылыктар мамлекеттик сатып алуудагы туура эмес иштерден чыгып жатат" деди өкмөт башчы

"Бюджеттик ачыктыкты камсыз кылууну күчөтүү керек". Бул тууралуу 8-февралда премьер-министр Темир Сариев Каржы министрлигинин 2015-жылдагы ишинин жыйынтыгын чыгарган коллегиялык жыйынында билдирди. Премьер-министрдин айтымында, Кыргыз Республикасы Борбор Азия мамлекеттеринин ичинде эң ачык саясат жүргүзгөн өлкө. Өлкөдөгү саясий систем ачыктыкты жана теңдештикти камсыз кылууга багытталган. Темир Сариев бюджеттин ачыктыгын камсыз кылуу боюнча бир топ иштер аткарылып жатканын жана аларды улантуу керектигин талап кылды.

“Бул жаатта Каржы министрлигине эң жогорку талаптар коюлган. Аны кемчиликсиз түрдө аткаруу керек. Мамлекеттик сатып алуудагы ачыктык-айкындыкты камсыз кылуу боюнча электрондук түрдө жүргүзүлүп жатат. Анын эсебинен 6 миллиард сомго чейин үнөмдөлгөнү белгилүү болду. Биз муну менен токтоп калбастан, дагы жакшыртууга бет алышыбыз керек”,- деди Темир Сариев.

Премьер-министр мамлекеттик сатып алуудагы коррупциялык иштерди кыскартуу боюнча дагы жаңы ыкмаларды киргизип, жергиликтүү бийлик органдары менен тыгыз иш алып барууну тапшырды.

Премьер-министр Евразия экономикалык биримдигинин алкагында аукциондорго кыргыз ишкерлеринин катышышы үчүн шартты түзүүнү эртелетүү тапшырмасын берди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан