Сокулуктагы Жыламыш айылына өзүнүн тарыхый Жангарач аталышы кайтарылып берилиши мүмкүн

Чүй облусунун Сокулук районундагы Гавриловка айыл аймагынын Жыламыш айылына өзүнүн тарыхый Жангарач аталышы кайтарылып берилиши мүмкүн. Тиешелүү мыйзам долбоору бүгүн, 9-февралда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламент боюнча комитетинин жыйынында каралды.

Өкмөткө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин директору Бакыт Рыспаевдин айтымында, Борбордук архивде сакталган документтер Чүй облусунун Сокулук районунун Жыламыш айылы 1919-жылга чейин Жангарач деп аталганын, кийин Чапаев айылына, андан кийин Жыламыш айылы деп өзгөртүлгөнүн тастыктайт.

"Жангарач Эшкожо уулу солто уруусунун манабы болгон, анын башкаруусуна Чүй өрөөнүнүн жана Талас регионунун күн батыш аймагы кирген. Ал 17 жашынан саясий турмушка аралашып, Чүй өрөөнүнүн күн батыш аймагында жайгашкан уруу башчылары ага кыргыз-казак мамилелеринде пайда болгон көйгөйлүү маселелерди кыргыз элинин кызыкчылыгын коргоону тапшырышкан. Жангарач уруулардын ортосундагы мамилелерди анын токтоо, салабаттуу мүнөзүнө ылайык дипломатиялык жол менен чечкен тарыхый далилдер аныкталган.
Жангарач 20 жашында солто уруусун башчысы болуп шайланып, солто уруусун 40 жыл башкарган. Анын жигердүү башкаруусунун натыйжасында аймакта элдин биримдиги, уруулардын ортосунда тынчтык сакталган. Ал башка уруулардын башчылары менен достук мамиледе болуп, эл арасында жогорку кадыр-баркка ээ болгон.1848-жылы Ормон хан менен биргеликте казактардын Чүй өрөөнүнө кол салуусун токтоткон. Казактардын кол салуусун токтотуу үчүн орустардын карамагына кирүү жөнүндө өз каалоосун билдирген. Ошондой эле казактардын Чүй, Талас, Ысык-Көл өрөөндөрүнө кол салуусун токтотуу үчүн бул аймактын урууларын бириктирген.
Жангарач даанышман саясатчы, элчи, өз элинин мекенчил уулу болгон. Кыргыз элинин көз карандысыздыгын, кыргыз мамлекетинин бүтүндүгүн сактап калууга чоң салым кошкон"
,- деди Рыспаев.

Талкууда айрым депутаттар бул демилгеге каршы чыгышты. Алар адамдын ысымын географиялык объектке коюуга мораторий салынганын эскертишти.

Добуш берүүдө комитеттин мүчөлөрүнүн көбү мыйзам долбоорун жактырып, 1-окууда парламенттин жыйынында кароого жөнөтүштү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан