Депутаттардын демилгеси менен "Ак-Кеме" мейманканасы менен "Аврора Грин" пансионатын улутташтырууга байланыштуу маселелер иликтенет. Бул тууралуу бүгүн, 9-февралда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламент боюнча комитети кезектеги жыйынынын жүрүшүндө белгилүү болду.
Мындай демилгени депутат Исхак Масалиев көтөргөн. Тармактык комитеттин төрайымы Галина Скрипкина "Ак-Кеме" мейманканасы менен "Аврора Грин" пансионаты өз убагында улутташтырылганын, ал жөнүндө Убактылуу өкмөт тарабынан декрет кабыл алынганын эске салды. Ал жумушчу топтун курамы кийинчерээк бекитиле турганын билдирди.