Транспорт жана коммуникация министрлигинин 2016-жылга планы бекитилди

Бүгүн, 9-февралда өкмөт башчы Темир Сариев Транспорт жана коммуникация министрлигинин ишмердиги жана 2016-жылга планы боюнча жыйын өткөрдү.

Өкмөттүк аппараттан кабарлашкандай, жолугушуунун жүрүшүндө Аргынбек Малабаев Транспорт жана коммуникация министрлигинин өлкөдөгү эл аралык, республикалык, жергиликтүү маанидеги жолдорду куруу, оңдоонун жүрүшү жана 2016-жылга пландары тууралуу маалымат берди.

Сариев өлкөдөгү инсфраструктуралык долбоорлорго жана жолдорду курууга өзгөчө маани берилип жатканын, бул жаатта Транспорт жана коммуникация министрлигине өтө чоң жоопкерчилик жүктөлгөнүн билдирди.

"Учурда өлкөдө жолдорду курууга көп каражат жумшалып, бир катар маанилүү долбоорлор ишке ашырылып жатат. Бул жарандардын жашоосун жеңилдетип, тиешелүү шарттарды түзүп берүүгө багытталган. Курулган жолдордун сапатына өзгөчө көңүл буруп, көзөмөлдү күчөтүү керек",- деди Темир Сариев.

Транспорт жана коммуникация министри Аргынбек Малабаевдин маалыматына караганда, 2016-жылы Бишкек - Кара-Балта жолу, Жалал-Абад - Маданият, Ош - Баткен - Исфана жолдорунун курулушу башталат жана Түндүк-Түштүк альтернативдүү жолу, Ысык-Көл шакекче жолунун курулушу улантылып, Бишкек - Нарын - Торугарт жолу бүткөрүлөт. Ошондой эле аймактардагы бир катар жергиликтүү жолдорду оңдоо планы бар экенин билдирди.

Премьер-министр жарандык авиация тармагында жай мезгилинде Ош - Тамчы, Жалал-Абад - Тамчы, Баткен - Тамчы каттамдарын ачууну жана билет баасынын жарандардын мүмкүнчүлүгүнө жооп бергендей деңгээлде аныктоо зарылдыгын билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан