Бишкектин мэри Кубанычбек Кулматовдун кызматтан кетүү арызына премьер-министр Темир Сариев кол коё элек. Маалыматты SUPER.KG`ге өкмөттөн тастыкташты. Кулматовдун арызы келип түшкөнү, жакын арада кол коюлушу күтүлүп жатканы айтылды.
Бишкектин мэринин отставкага кетүүгө арыз жазганы бүгүн белгилүү болгон. Анын башка мамлекеттик кызматка барары да айтылууда.
Эскерте кетсек, Бишкектин мэри Кубанычбек Кулматовдун кызматтан кетери же ордунда калары январда караларын мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев 2015-жылдын 24-декабрында журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып билдирген.
"Албетте, сөзүмө турам. Жылдын жыйынтыгы менен мэрдин ишине баа берилет. Мэрдин таштанды чыгаруу боюнча киргизген системи мага жакты. 25 жылдан бери мындайды эч ким ойлогон эмес. Азыр таштанды чыгаруу айдоочулар үчүн пайдалуу болуп калды",- деген президент.
Былтыр сентябрда президент Бишкектин мэри чарбачыл экенин иш жүзүндө көрсөтө албай жатканын айтып, эгерде жыл аягына чейин шаардын тазалыгы жакшырбаса, кызматтан кетерин эскерткен эле.