Бишкектин мэри кызматына Текебаев, Бабанов, Салымбековдун талапкер болушу мүмкүн экени айтылууда

Бишкектин мэри Кубанычбек Кулматовдун кызматтан кетүүгө арыз жазганы белгилүү болгондон кийин социалдык тармактарда шаар башчылыгына дайындалышы мүмкүн делген жаңы талапкерлердин аттары аталууда.

Алардын арасында "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев, "Республика - Ата Журт" фракциясынын лидери Өмүрбек Бабанов, меценат Аскар Салымбеков, президенттин жана өкмөттүн Иш башкармалыгынын башчысы Турусбек Коёналиев, Жогорку Кеңештин депутаты Марат Аманкулов, борбор шаардын вице-мэри Айгүл Рыскулова, Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Алмаз Кененбаев жана башкалар бар.

Кулматовдун арызына азырынча кол коюла элек.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан