Кыргыз мамлекети - АКШ кызматташтыгы боюнча жаңы макулдашуу даярдалууда

Жогорку Кеңештин спикери Асылбек Жээнбеков 9-февралда АКШнын Кыргыз Республикасындагы элчиси Шейла Гуолтни менен жолугушту.

Төрага парламенттин ишиндеги негизги багыттар жаатында маалымат берди. "Жакында эле бардык аракеттерибиз өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаалды турукташтырууга багытталып келген. Акыркы жылдарда өлкөнүн реалдуу экономикалык көз карандысыздыгына жетүү боюнча чоң иштер жасалды: “Датка-Кемин” электр өткөргүч чубалгысы пайдаланууга киргизилди, Түндүк-Түштүк альтернативдүү жолунун курулушу улантылууда, ички түзүмдүк бир катар ири долбоорлор ишке ашырылып, айрымдары пландаштырылууда. Жакынкы жылдарда биз өлкө турмушунун дээрлик бардык чөйрөсүндө кеңири масштабдагы реформаларды жүргүзүүнү көздөп жатабыз. Албетте, мындай иштерди аткарууда биз өз өнөктөштөрүбүздөн колдоо күтөбүз”,- дейт Жээнбеков.

Гуолтни кыргыз өлкөсүнүн көз карандысыздык жылдарында 2 миллиард долларлык кайтарымсыз жардам берилгенин белгилеп: “Силердин мамлекеттин көз карандысыздыгын, эгемендигин, аймактык бүтүндүгүн колдоо багытындагы АКШнын саясаты буга чейин болгон, мындан ары да улана бермекчи. Демократия орчундуу маселелерге жарандык сектордун катышуусун, мамлекеттик башкаруу механизмдерин өркүндөтүүнү дайыма талкуулап турууну талап кылат",- деп билдирди.

Элчи кыргыз өлкөсү менен АКШнын ортосундагы кызматташуу жөнүндө жаңы макулдашууну иштеп чыгуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу да маалымат берди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан