Каржы министрлиги: 2015-жылы бюджеттик кызматкерлердин айлыгына 24,5 миллиард сом жумшалды

2015-жылы ведомстволук классификация боюнча бюджеттин жалпы чыгымы 103 миллиард 808 миллион 74 600 сомду түздү. Каржы министрлиги 9-февралда билдиргендей, былтыр бюджеттик мекемелерде иштегендердин айлык акысына 24 миллиард 549 миллион 309 700 сом, социалдык камсыздоо боюнча жөлөк пулдарды төлөөгө 16 миллиард 628 миллион 766 100 сом, калкка социалдык жардам боюнча 6 миллиард 986 миллион 699 700 сом бөлүндү. "Имараттар жана курулмалар" беренеси боюнча чыгымдар - 9 миллиард 825 миллион 141 700 сом.

Калган акча башка корголгон жана корголбогон беренелер боюнча жана мамлекеттик карызды тейлөөгө жумшалганы айтылды.

Маалымат үчүн: Ведомстволук классификация өзүнө мамлекеттик органдарды, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын жана бюджеттик мекемелердин классификациясын камтыйт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан