Премьер-министр Темир Сариев бүгүн, 9-февралда Бишкектин мэри Кубанычбек Кулматовдун отставкасы жөнүндө буйрукка кол койду. Буйрукка ылайык, мэрдин милдетин аткаруучу болуп Айгүл Рыскулова дайындалды. Рыскулова буга чейин борбор шаардын мэринин орун басары болуп иштеп келген.
К.Кулматов бүгүн, 9-февралда өз каалоосу менен кызматтан кетүүгө арыз жазган эле.
Эскерте кетсек, Бишкектин мэри Кубанычбек Кулматовдун кызматтан кетери же ордунда калары январда караларын мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев 2015-жылдын 24-декабрында журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып билдирген.
"Албетте, сөзүмө турам. Жылдын жыйынтыгы менен мэрдин ишине баа берилет. Мэрдин таштанды чыгаруу боюнча киргизген системи мага жакты. 25 жылдан бери мындайды эч ким ойлогон эмес. Азыр таштанды чыгаруу айдоочулар үчүн пайдалуу болуп калды",- деген президент.
Былтыр сентябрда президент Бишкектин мэри чарбачыл экенин иш жүзүндө көрсөтө албай жатканын айтып, эгерде жыл аягына чейин шаардын тазалыгы жакшырбаса, кызматтан кетерин эскерткен эле.