Бишкекте ипотекалык каржылоого ислам принциптерин киргизүү боюнча парламенттик угуу өтөт

Жогорку Кеңештин Экономикалык жана фискалдык саясат комитети "Ипотекалык баалуу кагаздар жөнүндө" жана "Күрөө жөнүндө" КРнын мыйзамдарына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзам долбоору боюнча 1-мартта парламенттик угуу өткөрөт.

Маалыматты 9-февралда ЖКнын басма сөз кызматы кабарлады.

"Аталган мыйзам долбоорлору аркылуу ипотекалык жана күрөөлүк баалуу кагаздар боюнча каржылоонун ислам принциптерин киргизүү демилгеленүүдө. Дүйнөлүк тажрыйба көрсөткөндөй, каржылоонун ислам усулу ар кандай тобокелчиликтер менен каржы каатчылыктарына кыйла туруктуу. Мисалы, үстөк пайыз албайт, кумар оюндары сындуу долбоорлорду каржылоодон жана андан табылган арам кирешелерден баш тартат.

Каржы рыногун жөнгө салуу кызматынын маалыматына караганда, киреше үлүшүнө тең катышуу аркылуу гана пайда табат. Алар каржыланган долбоорго жана аны башкарууга чогуу катышып, жоопкерчиликти да кошо тартат. Долбоорлорду ишке ашыруу жүрүмүнө өкмөт түзө турган Шарият кеңеши аркылуу көзөмөл кылынмакчы. Эгер мындай норма мыйзамга киргизилсе, чет элдик инвестициялардын көлөмү көбөйөт",- деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан