Биз социалдык тармакта

Өкмөт жарандардын насыя алуунун жолдорун жеңилдетмекчи

"Айыл чарба багытындагы насыялардын жеткиликтүүлүгүн камсыздоо жолдорун карап, коомчулук жана дыйкандардын сунуштарын эске алуу менен насыя берүүдөгү шарттарды жеңилдетүү иштерин жүргүзүү керек",- деп билдирди премьер-министр Темир Сариев 9-февралда өкмөт жыйынында.

Премьер насыяларды берүүдөгү жарандардын убаракерчилигин жоюуну белгилейт: "Бериле турган насыялар эмгектенип, иштейм деген каалоосу бар жарандарыбыз үчүн түрткү болушу керек. Ким эмгектенүүгө умтулса, өкмөт ар тараптуу колдоого алып, убара тарттырбастан шарттарды түзүүгө даяр болушу шарт",- деди.

Жыйында Кыргыз-Орус өнүктүрүү фонду айыл чарбасы, орто жана чакан бизнести колдоо боюнча ишин активдештирүүсү зарыл экени айтылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан