Кыргыз мамлекетинде 2015-жылы кой-эчкилерди бруцеллёзго каршы эмдөө иши үчүн жеке ветеринарларга 6,7 миллион сом төлөнүп берилди.
Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин билдиришинче, Баткен облусунун жеке ветеринардык адистерине 472 миң сом, Жалал-Абад облусуна 1,13 миллион сом, Ысык-Көл облусуна 1,073 миллион сом, Талас облусуна 599 миң сом, Нарын облусуна 1,34 миллион сом, Чүй облусуна 715 миң сом жана Ош облусуна 1,4 миллион сом төлөнүп берилген. Жалпысынан былтыр вакцинация иштерине 433 жеке ветеринардык ишкана катышып, 2,24 миллиондон ашык кой-эчкини эмдешкен.
Төлөмдөр министрликтин айыл чарба долбоорлорун башкаруу бөлүмү тарабынан ишке ашырылып жаткан “Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү - 1” долбоорунун эсебинен төлөнүп берилгени айтылды.