Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия Билим берүү жана илим министрлиги менен биргеликте мектептерде мугалимдер менен окуучулардын диний сабаттуулугун көтөрүү иштерин жүргүзүүдө. Бул багытта атайын китепчелер чыгарылып таратылганын 10-февралда министрликтен кабарлашты.
"Китепченин максаты - кыргыз өлкөсүндөгү диний кырдаал, дин тармагындагы мамлекеттик саясат тууралуу окуучулар менен мугалимдерди маалымдар кылуу. 2015-жылы министрлик менен аталган комиссия диний билим берүү боюнча республикада тренингдерди өткөргөн",- деп айтылат маалыматта.