Түркия сириялык күрддөрдү эмнеге террорист деп эсептебестигине АКШнын түшүндүрмө беришин талап кылууда. АКШнын Мамлекеттик департаменти "Анкарадан айырмаланып Вашингтон сириялык күрддөрдүн "Демократиялык союз" партиясын террордук уюм деп эсептебейт" деген билдирүүсүнөн кийин АКШнын Түркиядагы элчиси Жон Басс өлкөнүн Тышкы иштер министрлигине чакырылган.
Чет элдик маалымат булактарына таянсак, сириялык күрддөр боюнча АКШнын позициясын Мамлекеттик департаменттин өкүлү Жон Кирби билдирген. Бул билдирүүгө Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдогандын талабы негиз болгону айтылды. Белгилей кетсек, жакында Эрдоган "АКШ Анкараны же сириялык күрддөрдүн бирин тандасын" деп билдирүү кылган.