Кыргыз Республикасынын Евразия экономикалык бирлигине кирүү шартында өлкөнүн эркин экономикалык аймактарынын абалын жөнгө салууга багытталган Жогорку Кеңештин токтому кабыл алынды. Токтомго ылайык, өкмөт эркин экономикалык аймактарынын абалын 3 айлык мөөнөттө иликтеп жана талдап, тиешелүү чараларды иштеп чыгышы керек.
Демилгечи депутат Дастан Бекешев: "Кыргыз Республикасынын ЕАЭБ курамына кириши менен 2017-жылдан тарта эркин экономикалык аймактардын абалы кыйла өзгөрөт. Өкмөт эркин экономикалык аймактарында түзүлгөн абалды талдап чыгып, азыртадан комплекстүү чараларды көрүшү керек”, - деп айтты.
Талкуунун жүрүшүндө ЕАЭБ 2017-жылдын 1-январынан тартып эркин экономикалык аймактарында өндүрүлгөн товарлардын сапатына коюлуучу талаптар катаалдана турганы белгилүү болду. ЕАЭБ талаптарына жооп бербеген Кыргыз Республикасынын ЭЭА товарлары ЕАЭБ аймагына чыгарылбайт. ЭЭА өкүлдөрү ушул тапта товар чыгаруу көлөмү кескин азайганын айтышты. Ал эми Салык кызматынын башчысы Замирбек Осмонов жылына 150-160 миллион сом өлчөмүндө гана салык түшүп жатканын белгиледи.