Кыргыз мамлекети ЕАЭБге кошулгандан бери кыргыз-казак чек арасынан өтүүгө жеңилдиктер берилди. Муну бүгүн, 10-февралда журналисттерге "Ак-Жол" чек ара бекети башкармалыгынын башчысы Нуркалый Сопуев билдирди.
"Азыркы учурда өткөрүү бекетинин кызматкерлери түрдүү техникалык жабдуулар менен иштеп жатышат. Аларды колдонууда эч кандай өзгөчө билимдин кереги жок. Көзөмөл бекетинен канча адам, жеңил жана оор жүк ташуучу автоунаалар өтүп жатса, баары ушул жабдуулардын текшерүүсүнөн өтүшөт. Жарандардын документин текшерүүгө 2 мүнөт, жеңил автоунааларга 10 мүнөт, автобустарга 20 мүнөт, оор жүк ташуучу унааларга жарым саат керектелет. Бажы биримдигине киргенден кийин бекетте кезекте тургандардын саны азайды",- деди Сопуев.