Өлкөдө “Мамлекеттик филантропия жөнүндө” токтом долбоору даярдалып, коомдук талкууга коюлду

“Мамлекеттик филантропия жөнүндө” токтомдун долбоору даярдалып, коомдук талкууга коюлду. Муну парламент депутаты Дастан Бекешев бүгүн, 10-февралда жарыялады.

“Азыркыдай шартта жеке жактарга же уюмдарга, жалпы коомчулукка жардам сурап кайрылгандардын баарынын маселесин чечүү кыйын. Ошондуктан муну мамлекет өзү колго алып, мамлекеттик филантропиянын негизинде кайрымдуулук фондун түзсө деген сунуш көтөрүлүп жатат. Муфтият менен биргеликте иштешүү фонддун эффективдүү иштешине колдоо болмок”,- дейт депутат.

Бекешев ден соолуктун айынан айрым жарандар жергиликтүү шартта дарыланбастан, чет мамлекеттердеги дарыгерлердин жардамына муктаж болгон учурлар көбөйүп жатканын белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан