2016-жылдын февралына республикалык бюджеттин жалпы ресурсунун финансылык планы 7 миллиард 432,3 миллион сом суммасында түзүлдү. Ресурстардын негизги бөлүгү 6 миллиард 382,1 миллион сом суммасындагы кирешелердин (анын ичинде салыктык кирешелер – 6 миллиард 196,8 миллион сом, салыктык эмес кирешелер – 185,3 миллион сом) эсебинен камсыздалат. Ошондой эле финансылык активдердин жана милдеттенмелердин эсебинен 1 миллиард 50,1 миллион сом өлчөмүндөгү түшүү күтүлүүдө.
Ушул финпланга ылайык, февралда республикалык бюджеттин чыгашасынын жалпы көлөмү 9 миллиард 382,1 миллион сомду түзөт. Анын ичинде корголгон беренелерге 7 миллиард 17,4 миллион сом, ал эми корголбогон беренелерге 794,7 миллион сом жумшоо пландалууда. Ошондой эле финансылык активдерди сатып алууга 260 миллион сом, милдеттенмелерди жабууга 873,5 миллион сом өлчөмүндө каражаттар каралууда.