Бишкек-Ош жолунун боюндагы "Гүлдөй бер, эркин Кыргызстан!" деген жазуу бир жылдан бери жерде жатат. Жазуусу бар тактай Токтогул районунун Үч-Терек айыл өкмөтүнүн аймагында турган. Муну окурман 12-февралда WhatsApp аркылуу SUPER.KG порталына билдирди.
"Тактай былтыркы катуу шамалда кулап түшкөн. Лозунг темирден жасалгандыктан, дат басып чирий баштаган. Жооптуу жетекчилерге тапшырма берип, оңдотуп койсо жакшы болор эле",- дейт окурман.