Депутат "Жалал-Абадда жер тилкени мыйзамсыз сатып, бюджетке 6 миллион сом зыян келтирген" деп вице-мэрди айыптоодо

Бүгүн, 11-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Тазабек Акрамов Жалал-Абад шаарындагы Жаза аткаруу мекемесинин имаратынын жанындагы жер тилкени мыйзамсыз сатуу боюнча маселени көтөрдү.

"Ал жерде 1 гектар жер тилкеси жеке менчикке өткөрүлүп берилген. Тиешелүү мекемелер бул факт боюнча кылмыш ишин козгошкон, бирок бүгүн да күнөөлүү делген мэриянын кызматкерлери өз ордуларында иштеп жатышат. Мыйзамсыз кадамдан улам мамлекеттик бюджетке жана коомго 6 миллион сом зыян келтирилген. Мэриянын алдындагы жер пайдалануу боюнча вице-мэр Тайырбек Чойбековдун күнөөсү бар болушу мүмкүн. Башкы прокуратура бул маселени өз көзөмөлүнө алышы керек",- деди Акрамов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан