Парламентте Майлуу-Сууда дарыяга мунай аралашып жатканы тууралуу маалымат элди кооптонтуп жатканы айтылды

Майлуу-Суу шаарында дарыяга мунайдын аралашып жатканы тууралуу маалыматтар жергиликтүү тургундарды тынчсыздандырууда. Муну парламенттин 11-февралдагы жыйынында депутат Мирлан Бакиров билдирип, сууну текшерүүнү сунуштады.

"Бир аптадан бери маалымат каражаттарында суунун булганышы тууралуу айтылып жатат. Муну сөзсүз текшерип чыгуу керек. Сууга кошулуп жаткан майдын пайдасы болсо иштетип, зыяны болсо токтотуу керек. Буга жергиликтүү бийликтин күчү жетпей жатат. Өкмөттөн тез арада комиссия түзүп, иликтөө жүргүзүүнү сунуштайм",- деди Бакиров.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан