Бүгүн, 11-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Садык Шер-Нияз Бишкектеги аялдамаларда ар кандай жарнамалар жазылып жатканына нааразычылыгын билдирди.
"Борбор калаада аялдамалар көп. Мэрия жакшы иш кылайын деп, бюджетке акча кошуу үчүн аялдамаларда жарнамаларды жазууга уруксат берген. Бүгүнкү күндө чайлардын, кофелердин, ички кийимдердин аталыштары жазылууда. Маршруттук такси менен жүргөн эл аялдамалардын тарыхый аталыштарын унутуп баратат. Ар бир аялдаманын маңдайына тарыхый аты жазылышы керек. Мэрия жарнама берип жаткан компаниялар менен бул маселеге көңүл бурушу керек",- деди депутат.