Бүгүн, 11-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында төрага Асылбек Жээнбеков иш учурунда телефон менен сүйлөшүп жаткан депутаттарды сынга алды.
"Жыйын учурунда өлкөдөгү көйгөйлүү маселелер айтылып жатканда, 3 депутат телефон менен сүйлөшүп жатты. Ачык айтканда, бул сыйлабагандык. Бир эске тутуп койсоңор. Эгер маанилүү болсо, сыртка чыгып сүйлөшкүлө. Эмне кыйналасыңар? Жыйынга ар бирибиз телефондорубузду таштап киришибиз керек",- деп эскертти төрага.